• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2024-жылдын эки айында инфляциянын деңгээли 1% түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын февралында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 1 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 1,6 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 1,0 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер-2,6 пайызга жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче, 0,3 пайызга төмөндөдү.

Шокенов устүбүздөгү жылдын январь-февраль айында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) Чүй облусун (0,5 пайызга төмөндөө) жана Жалал-Абад облусун (0,2 пайызга төмөндөө) кошпогондо республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленгендигин кошумчалады.

"Мында баалардын максималдуу өсүшү (1,5 пайыз) Бишкек шаарында белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (4 пайызга) жогору болушу менен шартталган", - деди төраганын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий