• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоңдо соода борборунда өрт-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы “Элим” оюн-зоок соода борборунда өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун алкагында соода борборунан жарандарды эвакуациялоо жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле имараттын атайы өрт өчүрүүчү техникалар үчүн кирүү жолдору, суу гидранттарынын абалы, өзгөчө кырдаалдарда атайын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү белгилери каралып чыкты.

Жалпысынан өрт-тактикалык машыгууга ӨКМдин куткаруучулары, РИИБдин жана тез жардам кызматынын кызматкерлеринен 40 адам жана 4 атайы техника ошондой эле жергиликтүү тургундар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий