• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Жалалабатэлектр»: Эскирген электр мамычалар алмаштырылууда

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылындагы жарактуу мөөнөтү бүткөн жыгач мамычалар жаңы бетон мамычаларга алмаштырылууда. Бул тууралуу «Жалалабатэлектр» ААКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мамычылар 1967-жылы курулган, учурдагы абал талапка жооп бербейт. Бул жумуштар күз-кыш айларына карата даярдыктардын негизинде ишке ашып жатат.

“Үстүбүздөгү жылдын 5 ай аралыгында Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылына кошумча 160 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулган. Жийде, Ырыс айылдарына 100 кВАлык трансформаторлордун кубаттуулугун 160 кВАга жогорулатылып, алмаштырылды.

Сел жана көчкү коркунучтарын алдын алуу иш-планынын негизинде аталган ишкана райондун Алчалуу айылынан баштап Шатырак айылына чейинки аралыктагы көчкү кооптуулугу бар жерлеринде жайгашкан, электр жабдуулардын ордуна 10 кВ чыңалуудагы айланып өтүүчү аба чубалгыларды курду. Анткени, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул айылда дагы көчкү түшүү коркунучу күч экенин айтып, тургундардын жашоосуна уруксат берген эмес. Ошондон улам, сай жээгиндеги электр мамычалары көчкү алдында калбашы жана ашыкча чыгымга учурабашы үчүн, бул иштер аткарылды. 45 даана электр мамычалар орнотулуп, 2 чакырым 100 метрди түзгөн электр чубалгылары тартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө чейин эскилиги жеткен 75 даана жыгач мамыча алмаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий