• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында биринчи жолу көзү азиздер арасында Куран боюнча жарыш болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ, 20-августта Ош шаарынын борбордук мечитинде көзү азиздер арасында Куран боюнча жарыш болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак Куран окуу (колдун жардамы менен), жазуу жана жатка окуу боюнча болгон.

"Сынакка 20га жакын талапкер катталып, жогорудагы 3 сынак боюнча 6 бала катышты. Атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана мактоо баракчасы тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий