• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын төрт облусунда үшүк жүрүп, абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын төрт облусунда үшүк жүрүп, абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 7-октябрда Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий