• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Эксперттик кеңештин күн тартибинде этностор аралык мамилелер жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка байланыштуу көйгөйлөр талкууланып, ошондой эле ушул жаатта натыйжалуу чараларды көрүү максатында сунуштамаларды иштеп чыгуу маселелери каралды.

Эске сала кетсек, Эксперттик кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 Жарлыгы менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий