• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Айыл Банк" 5,4 млрд сом таза кирешеден дивиденд төлөп берди

Экономика 0

Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Бүгүн "Айыл Банк" ААКтын акционерлеринин (ФОЭАС) жылдык чогулушу болуп өттү, анда банктын финансылык рынокто туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруучулукжыйынтыктар жарыяланды.

Жыйындын жүрүшүндөгү негизги аспектилердин бири 2023-жылдагы финансылык көрсөткүч болду.

5 млрд 277 млн сом (ФОЭАС) өлчөмүндө таза киреше тапты, бул финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келип, банктын башкаруу системасынын натыйжалуулугун жана финансылык туруктуулуну көрсөтөт.

Жыйындын жүрүшүндө банктын акционерлери 100% өлчөмдө 5 млрд 426 млн 77 миң сом өлчөмүндө дивиден төлөп берүү боюнча чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, акционер тарабынан Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн наркы 5 млн 188 миң 600 сом өлчөмүндөгү ААК мүлкүн министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүү боюнча бир жыйынтыкка келишти.

Эске салсак, "Айыл Банктын" жалгыз акционери болуп министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигине 100% акциялары таандык.

Пикир

Оставить комментарий