• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде аскер кызматкерлери үчүн футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Баткен шаарынын аймагында жайгашкан 2022 аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлери үчүн футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын ачылыш аземине президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, аскер кызматкерлерин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Облус башчысы алгач аймактын коопсуздугун камсыздоодогу күжүрмөн эмгектери үчүн мекен сакчыларына ыраазычылыгын билдирип,"спорт-тынчтыктын жана достуктун элчиси.Спорт сиздердин кесиптеш катары ынтымагыңыздарды чыңдоого зор өбөлгө болсун"деп, мекен сакчыларына сергек жана бакубат жашоо каалады.

Бул күнү майрамдын урматына жаңы аянтчада аскер кызматкерлеринин арасында футболдук мелдеш уюштурулду. Биринчилик үчүн 12 команда мелдешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий