• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 6 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Кечээ, 17-январда КР ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 6 жылдык мааракеси Жалал-Абад шаарында белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарага ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышып, өздүк курамды майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу жумушунда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат өтөгөн бир катар кызматкерлерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле Жалал-Абад областынын аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы спорттун волейбол түрү боюнча мелдеши жүрүп, оюнчулар биринчилик үчүн күч сынашып, 16 команда арасындагы беттештер өттү. Жеңүүчүлөргө “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы тарабынан кубок, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар каралган.

Пикир

Оставить комментарий