• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жылда Нарын облусунун жергиликтүү бийлигине 2735 арыз жана кайрылуу түшкөн

Аймак 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, райондук мамлекеттик администрацияларга жана Нарын шаардык мэриясына 2017-жыл ичинде жарандардан жалпы облус боюнча 2735 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына - 638 (арыз-446, оозеки кайрылуу-192). Ак-Талаа - 365 (арыз-44, оозеки кайрылуу-321), Ат-Башы - 265 (арыз-106, оозеки кайрылуу-159), Жумгал - 121 (арыз-83, оозеки кайрылуу-38), Кочкор - 611 (арыз-203, оозеки кайрылуу-408), Нарын району - 150 (арыз-79, оозеки кайрылуу-71), Нарын шаары -585 (арыз-382, оозеки кайрылуу- 203). Мунун ичинен чечилгени-1123, түшүндүрүлгөнү - 1572. Мөөнөтүнөн кечиккен арыз жок. 40 арыз көзөмөлдө турат.

2017-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атына 446 арыз-даттануу келип түшкөн. Мунун ичинен электрондук кайрылуу - 2. Жогору жактан жалпы- 198 арыз даттануу келген. Мунун ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан-73, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн-125.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана анын орун басарлары жана аппарат жетекчисинин кабыл алуусунда - 192 жаран болгон.

Келип тушкон кайрылууларды анализдегенде, негизинен аз камсыз болгон жарандар кайрылышууда. Алсак, материалдык жардам суроо, коммуналдык тейлөө, турак- жай курууга курулуш материалдарынан жардам берүүнү, Бишкек шаарына барып дарыланууга акча каражатынан жардам, электр энергиясынын төлөмүн женилдиктерди, жана башка маселелерди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий