• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы чек арадагы окуядан жараат алган 13 жарандан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 29-январда, Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жаткан 13 жарандын абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы дарыланып жаткан жарандардын тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 29-январына карата чек арадагы окуядан Баткен облусунда жабыркагандардын жалпы саны 13 адамды түздү.

Жабыркагандардын бардыгы Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган, жабырлануучулардын абалы орточо, аларга тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түнкү абал тынч, эч кандай терс көрүнүшсүз өттү.

Кыргыз-тажик күч түзүмдөрү биргеликте коомдук абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөшүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 13 адам жабыркап, ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлады.

2022-жылдын 29-январына карата чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө, ошондой эле облуста милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантып жатат.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча бир чечимге келишти.

Пикир

Оставить комментарий