• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алай районунда кайрак жерлерге суу чыгаруу иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Алай районунун Жаңы-Арык айылында кайрак жерлерге суу чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылындагы айдоо жерлерге сугат суу алып келүүгө монолиттүү лоток басуу жумуштары менен таанышты.

Аталган айылдагы 50 гектар жерде сугат сууга муктаждык болуп, көп жылдардан бери көйгөй жаратып келген.

Буга байланыштуу Алай районунун өнүктүрүү фондунан 4 жарым миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 920 метр аралыкка монолиттүү лоток басуу жумуштары башталган .

Бүгүнкү күнгө М-200 маркасындагы цемент, арматура жана башка курулуш материалдары алынып, 920 метр аралык казылып, тегиздөө жумуштары аткарылып, учурда монолиттик лоток басуу жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий