• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусуна Өзбекстандан бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер келди

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусуна Өзбекстандын Наманган облусунун башчысынын орун басары Окибжон Инамов баштаган бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер келди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Келген коноктор менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жолугуп, эки өлкөнүн облустар аралык алакаларын күчөтүүдө пландалган долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери көрүлөрүн белгиледи.

Өкүл Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ортосунда түзүлгөн жол картасынын алкагында бардык жумуштар этап-этабы менен аткарыларын айтты.

Наманган облусунун келген делегация өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана жергиликтүү ишкерлердин кеңири форматтагы жыйыны өттү. Анда тараптардын алдыда соода-экономикалык, айыл чарба, кайра иштетүү жана туризм жаатында иш алып баруу багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий