• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Сузак РИИБинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүштү. Жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды. Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун Сузак РИИБдин өздүк курамы жана ЖКККБнын кызматкерлери көзөмөлгө алышты.

Жөө жүрүштүн соңунда мектеп окуучулары Сузактын борбордук аянтына топтолуп, ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаш өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы камтылган атайын брошюралар таратылды.

Бул иш-чарага катышкан райондук прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жаштарга кайрылуу жасап, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий