• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддагы №4 мектепте «Чебер колдор» аттуу класс өз ишин жандантты

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №4 гимназия-мектебинин жамаатынын колдоосу менен аталган мектепте «Чебер колдор» аттуу класс өз ишин жандантты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык уюмдардын колдоосу менен 8 тигүүчү машина, балдар үчүн оңдоп-түзөөгө керектелүүчү шаймандар алынды.

Аталган класста кыздар үчүн кол өнөрчүлүк, ашпозчулук, дизайнер, жүндү кайра иштетүү жана курак куроо ийримдери киргизилген. Ал эми эркек балдар үчүн багбанчылык, фермер, сантехника жана эмерек оңдоо сыяктуу сабактар окутулат.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинети мындай классты башка мектептерде да уюштуруу максатында бүгүн аталган мектепте “Технология-искусство, чеберчилик, өнөр” аттуу атайын окутуу өткөрдү. Ага шаардагы мектеп мугалимдери катышты.

Пикир

Оставить комментарий