• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарындык окуучу Венгрияда өткөн дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Нарындык окуучу Алихан Айдарбеков Венгрияда өткөн информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алихан Айдарбеков Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы Нарын лицейинин 10 "а" классынын окуучусу.

Дүйнөлүк олимпиададан байгелүү кайткан окуучуну президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов кабыл алып, ийгилиги менен куттуктап, ыраазычылык катын жана белегин (планшет) тапшырды.

Келечекте программист болууну максат кылган Алихан Европа өлкөлөрүндө билим алууну кыялданат. Ал учурда эне тилинен сырткары англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. 7-класска чейин Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектепте билим алган.

Белгилей кетсек, аталган олимпиадага дүйнөнүн 90 мамлекетинен 355 окуучу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий