• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлигинин жумушчу тобу Талас районундагы ички чарбалык каналына барды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөү жылдын 4-июлунда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жумушчу тобу Талас облусу боюнча иш сапарын улантып, Талас районундагы ички чарбалык каналына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жердеги каналда фильтрлөөнү азайтуу үчүн каналга узундугу 3 чакырым болгон түтүк тартуу керек. Орнотуу аяктагандан кийин өткөрүмдүүлүгү көбөйүп 800-900 литр суу болот.

Долбоор "Бакубат Талас" фондусунун эсебинен жүргүзүлөт, жумуш аяктагандан кийин КР МСРА оңдоо иштерине каражат издейт.

Экинчи объект - Сарымсак каналынын курулушунун долбоору, анын узундугу 21,6 км. Каналды реконструкциялап, 6,3 чакырымга узартуу керек, андан кийин каналдын бардык узундугу 28 чаырымдан ашат. Курулуш иштери 2009-жылдан бери жүрүп жатат. Оңдоо иштеринин биринчи этабы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлсө, экинчиси Ислам Өнүктүрүү банкы бөлгөн насыяга жүргүзүлүп жатат.

"Мамбетжан-Ата" айыл чарба кооперативи Талас районундагы эң ийгиликтүү кооперативдердин бири. "Мамбетжан-Ата" айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 450 га, анын ичинен сугат жери - 350 га, СФСУ - 250 га.

Кооперативдин түптөлгөнүнө 15 жыл болду, үрөнчүлүк чарба болгонуна 6 жыл, асыл тукум чарбасы статусун ээ болгонуна 4 жыл өттү, ошентип Мамбетжан-Ата дыйкан чарбасы үч багытта иш алып барат.

Алар асыл тукум кой багышат жана көбөйтүшөт, 40 баш абердин - ангус уйлары бар. 550 гектар жерге буудай, арпа, пияз, болгар калемпири жана жүгөрү өстүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий