• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда 250 орундуу мектептин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23./Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында жайгашкан №20 Насыров атындагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Объекттин курулушу 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга даяр.

Мектеп 2 кабаттуу имараттан түзүлүп, спорттук зал, өтмөк галерея, откана, көмүр сактоочу жай, даараткана, өрт өчүрүүчү резервуар, септик каралган.

Пикир

Оставить комментарий