• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети Климаттык каржылоо борбору боюнча чечим кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору, мындан ары министрлер кабинетинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору деп өзгөртүлдү.

Документ БУУнун Жашыл климаттык фондунда, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын талаптагыдай билдирүү, инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар түрдүү тармактарына заманбап технологияларды жайылтуу жана берүү аркылуу туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий