• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Лондондо “МАЙНЕКС - Евразия 2023” тоо-кен эл аралык конференциясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык 11-эл аралык конференциясына катышты.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров өз баяндамасында Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы потенциалына токтолуп, өлкө аймагында ар кандай пайдалуу кендердин 15 миңден ашуун жайы табылганын, анын ичинен 500гө жакын кен деталдуу геологиялык чалгындоо иштеринен өткөнүн билдирди.

“Алсак, мамлекеттик баланста 1020 кендин запастары жана пайдалуу кендердин 51 түрүнүн аянттары – алтын, күмүш, жез, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү металлдар, сурьма, калай, темир рудалары, коргошун жана башкалар. Өлкөбүздө тоо-кен тармагы динамикалуу жана ырааттуу өнүгүп жатат. Ал жалпы ИДПнын 6%дан ашыгын жана экспорттук кирешенин 41%тен ашыгын түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында тармактын субъекттери тарабынан 492 млн долларлык пайдалуу кендер казылып алынды”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, Кыргызстандын тоо-кен тармагынын негизги инвесторлору биринчи кезекте Улуу Британия, Түркия, Кытай, Россия жана Казакстан болуп саналаарын айтып, Кыргызстандын тоо-кен тармагы жыл сайын 1 млрд доллардан ашуун киреше алып, бүтүндөй экономиканын кыймылдаткычы боло алаарын кошумчалады.

Мындан тышкары МинКаб Төрагасы дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана жашыл экономиканы өнүктүрүү ачык көрүнүп турганын билдирди.

“Бул багытта үстүбүздөгү жылдын март айында Еврокомиссия 34 минералды камтыган Критикалык чийки зат актысын кабыл алган. Анын ичинен 17 элемент стратегиялык чийки зат катары белгиленсе, мына ошол 17 элементтин бардыгы биздин өлкөнүн тереңинде бар экенин белгилегим келет, анын ичинен 10 элемент олуттуу өлчөмдө бар. Мисалы, бир эле кендеги титаномагнетиттин болжолдуу запасы 20 миллион тоннага жакын, ал эми 21 элементти камтыган сейрек кездешүүчү металлдардын запасы 60 миң тоннадан ашык деп айта алам”, - деди ал.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда өз капиталын пайдалуу кендерди иштетүүгө жумшоону каалаган инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтып өттү.

“Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ар кандай жеңилдиктерди жана турукташтыруу режимдерин караган жагымдуу шарттар менен инвестициялык келишимдер иштелип чыгууда. Албетте, бул жаатта узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн тарыхы талашсыз эмес.

Бул багытта былтыр Кыргызстан менен “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр” долбоорунун тегерегинде бир пикирге келгенин белгилегим келет. Өткөн жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто бардык керектүү документтерге кол коюу менен “Центерра Голд” менен болгон талашыбыз тынчтык жолу менен чечилген. Ошондой эле биз тоо-кен тармагындагы мыйзамдык базаны жакшыртууну улантып жатабыз”, - деди МинКаб Төрагасы.

Конференциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Улуу Британиянын “Чаарат Заав” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюулду.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматы менен Улуу Британиянын “MINEX” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча документке кол коюлду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Улуу Британиянын “United Concrete Canvas” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий