• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

II Элдик курултайга Нарын облусунан 33 делегат катышат

Курултай 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга Нарын облусунан 33 делегат катышат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө курултайдын делегеттарынын жолугушуусу өткөрүлдү. Ага президенттин администрациясынын мамлекеттик инспекторлору Камчыбек Кускаков, Улан Маматканов, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана Нарын шаарынын, Нарын районунун жетекчилери катышты.

Иш-чарада Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Элдик курултайдын делегаттарын куттуктады. Ошондой эле быйылкы жылы облуста ишке ашкан реформалар, жасалган жумуштар боюнча маалымат берди. Баарлашууда делегаттар тарабынан облустук деңгээлдеги көйгөйлүү маселелер ортого салынып, жетекчилик менен бирге чечүү жолдору талкууланды.

Жолугушууда президенттик администрациянын мамлекеттик инспекторлору тарабынан делегаттарга декабрь айында өткөрүлө турган Элдик курултайдын шарттары, эрежелери боюнча маалымат берилди.

Жыйынтыгында делегаттардын ичинен Элдик курултайга катышып, орчундуу маселелерди өлкө башчысына жеткирүү үчүн квотага ылайык 8 делегат шайланды. Алардын ичинен 6 делегат жарыш сөзгө, 1 делегат Улуттук кеңешке, 1 делегат Эсептөө комиссиясына талапкерликке дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий