• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

II Элдик курултай. Кара-кулжалык делегат көкөйгө көк таштай тийген таза суу маселесин чечип берүүнү өтүндү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Экинчи Элдик курултайдын Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылынан келген делегаты Тентимиш Токторов айылда суу көйгөйү курч маселелердин бири экендигин айтты.

"Айылда 3 миңге жакын калк бар. Жакында дагы 200 адамга трансформацияга жер берилди. Жергиликтүүлөргө жерден бургуланып таза суу чыгарып берилсе жакшы болмок", - деди делегат.

Ошондой эле Токторов жол маселесин айтты.

"Жолубуз да бүтпөй турат. Андан тышкары, айылда балдар машыкчуу спорттук зал жок. Жаштар өздөрү акча топтоду. Аларды колдоп, жаштар үчүн жакшы шарттарды түзүүдө көмөк көрсөтүлсө дейбиз", - деди делегат.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий