• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“12-25 жылга кесилүүдө”. Россиядан келген делегат кыргызстандыктар баңгизат менен камалып жатканын айтты

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Россиядан келген делегат Толкунбай Ахматов кыргызстандык жаштар баңгизат менен камалып жатканын айтты.

“Миңден ашык сиздердин балдарыңыз баңгизаттын айынан Россиянын абактарында отурат. Эң азы 12, көбү 25 жылга чейин эркинен ажырап жатат. Мүмкүн болсо телевизордон тынбай ушул көйгөйдү элге жеткирип туруу керек”, - дейт ал.

Ахматов ошондой эле медициналык камсыздандыруу маселесине токтолду.

“Жаш балдарга медициналык камсыздандыруу алуу кыйынга турат. Ансыз бала бакча, мектепке балдарыбызды албайт. Ага 50-60 миң рубль кетет экен. Мындан сырткары, Кыргызстандын Россиядагы элчиси (ред.: Гүлнара-Клара Самат) эл менен эмес деп көп айтып келишүүдө. Өзүнүн элин чет элдик коопсуздук кызматкерлерине өткөрүп берип жатканы үчүн иштөөгө акысы жок деп ойлойм”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий