• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин улантууда

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22./Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы биринчи Элдик курултай ишин улантууда.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 1 миң 72 делегат катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Эскерте кетсек, иш-чара эки күн – 25-ноябрдан 26-ноябрга чейин уланат. Кечээ, 25-ноябрда анын ишинин биринчи күнү болуп өттү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашык делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын башында курултайдын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый ролу жана өлкөнүн акыркы эки жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу эки фильм көрсөтүлдү.

Андан кийин мамлекет башчысы өлкөдөгү иштердин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары, реформалар пакетин ишке ашыруу боюнча кайрылуу жасады, ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө үчүн бир нече темаларды сунуштады.

Андан соң сөз делегаттарга берилди. Алар аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, суу менен камсыздоо, ГЭСтердин курулушу, коңшу мамлекеттер менен чек араларды тактоо жана юридикалык каттоо процесстери, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коррупция менен күрөш жана көптөгөн башка темаларга байланышкан коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп, өздөрүнүн шайлоочуларынын жолдогон сөздөрүн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий