• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жол, таза суу. Кара-Суудан келген делегат бир катар көйгөлөрдү көтөрдү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнөн келген делегат Нияш Курманбеков бир катар маселе менен келгендигин айтып, сөзүн баштады.

“Биринчи маселе бул унаа жолдору боюнча. Папан айыл аймагы менен райондук борборду бириктирип турган Ош-Кожокелең- Ак-Терек унаа жолун оор жүк ташуучу унаалар нормадан ашык жүк менен каттап, жараксыз абалга алып келди. Бүгүнкү күндө айыл тургундарына бул жол менен каттоого ыңгайсыз абал жаралып келүүдө. Жолду асфальттап, оңдоп-түзөп берүүнү суранам. Экинчи маселе, бул таза суу маселеси. Папан айыл аймагы Ак-Буура дарыясынын башында жайгашканы менен таза суу көйгөйү жаралып келет. Суу түтүктөрүн жана насосторун капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл. Үчүнчү маселе, Сарай айыл аймагына караштуу Эркин айылында союз убагында калып калган 200 тонна уулу зат боюнча болмокчу. Бул айыл элинин ден соолугуна чоң коркунуч жаратып келет. Бул маселе былтыр курултайда көтөрүлгөн, бирок чечилген жок”, - дейт делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий