• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жабырлануучуну уруп, мыйзамсыз кармап турушкан. Бишкекте бейбаштыкка шектелген топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.24./Кабар/. Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалды, деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 7-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, алты жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээси алар 6-апрелде коомдук тамактануу жайларынын биринде уруп согуп денесине залал келтирип, узак убакытка мыйзамсыз кармап турушканын билдирген.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жогоруда аталган кылмышка шектүү делгендер кармалды: 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М..

Алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий