• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР ЭКМ өкүлдөрү сооданы жеңилдетүү боюнча 11-Азия-Тынч океан форумуна катышты

Экономика 0

Бишкек, 08.04.24./Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү 11-Азия-Тынч океан соодасын жеңилдетүү форумуна (APTFF) катышты.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чара Өзбекстандын Самарканд шаарында 1-5-апрель күндөрү өттү. Ага 30 өлкөдөн 250дөн ашык чет элдик коноктор, анын ичинде 10 эл аралык уюмдун өкүлдөрү болду.

Форумдун жүрүшүндө соода, транспорт жана логистика, санариптештирүү, ошондой эле электрондук маалымат алмашуу аркылуу соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жана бизнес жүргүзүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Сооданы жеңилдетүү жана санариптештирүү чараларына, анын ичинде чек арасыз кагазсыз соода жана транспортко, ошондой эле соода процессин жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын программасына сооданы жеңилдетүү жана санариптештирүүнүн ар кандай аспектилери боюнча панелдик талкуулар жана сессиялар, анын ичинде чек арадагы кагазсыз соода жана транспорт, ошондой эле соода процессин жашылдандыруу камтылган.

Ошентип, Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан уюштурулган панелдик сессияда “Кагазсыз сооданын келечегинин картасын түзүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аркылуу сооданы жеңилдетүү боюнча CART.IS демилгесинин ачылышы” деген темадагы панелдик сессияда КР ЭКМдин жетектөөчү адиси Заир Коңурбаев, Бажы саясаты департаменти сөз сүйлөп, бул санариптештирүү жана сооданы жеңилдетүү жаатындагы ушундай аракеттерди карап жаткан башка өлкөлөр үчүн пайдалуу болушу тууралуу,негизги жыйынтыктарды, ошондой эле CART.IS демилгеси боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүштү,

“Инновацияга умтулуу: санариптик соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүү компоненттери” деген темага арналган панелдик сессияда КР Экономикат жана коммерция минисьтрлигине караштуу “БТБ” мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Усенбаев сөз сүйлөп, анын маанилүүлүгү боюнча пикири менен бөлүшү, санариптештирүүдөгү “бүтүн мамлекеттик мамиленин”, ошондой эле санариптештирүү аракеттерин комплекстүү карап чыгуунун жана рационализациялоонун жана артыкчылыктарды аныктоонун зарылдыгы жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, КР ЭКМ өкүлдөрү СПЕКАнын соода боюнча жумушчу тобунун он тогузунчу сессиясына катышты.

Сессия СПЕКАга мүчө мамлекеттерде санариптик сооданы илгерилетүү жана сооданы санариптештирүү маселелерине арналды, ошондой эле СПЕКАнын соода боюнча жумушчу тобунун иш планын ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Иш-чарада туруктуу өнүгүү жана сооданы жеңилдетүү боюнча СПЕКАга мүчө-мамлекеттердин улуттук жана аймактык пландары жана стратегиялары, ошондой эле СПЕКАгаа мүчө-мамлекеттердин соода эксперттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө каралды.

Сессиянын катышуучулары өздөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана СПЕКАнын соода боюнча жумушчу тобу жакынкы 2-3 жылда иштей турган артыкчылыктуу аракеттерди аныкташты. Ошону менен бирге, жогоруда аталган форумдун алкагында КР ЭКМдин айрым өкүлдөрүнүн катышуусунда Азия-Тынч океан аймагында чек аралык кагазсыз сооданы жеңилдетүү боюнча алкактык макулдашуунун 8-беренеси боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.


Маалымат иретинде: Азия Тынч океандагы сооданы жеңилдетүү форуму (APTFF) сооданы жеңилдетүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жана билимдерди бөлүшүү үчүн алдынкы аймактык платформа болуп саналат. APTFF 2009-жылдан бери Азия өнүктүрүү банкы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) тарабынан өсүп келе жаткан өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий