• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министрлигинде "Чүй айланма каналын куруу" долбоору талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ыдайык,, министр кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн КЭР өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КЭР өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен каржылана турган "Чүй айланма каналын куруу" долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Д.Амангелдиев бул долбоордун маанилүүлүгүн жана ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын белгилеп, элчинин кеңешчисине Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу маалымат берди.

Ли Юэ Кытай тарап "Чүй айланма каналын куруу" долбоорун илгерилетүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык инвесторлор жана Кыргызстандагы электрондук коммерция боюнча маселелер талкууланды.

Кеңешчи Экономика жана коммерция министрлигинин КРда иштеп жаткан кытайлык ишканаларга көрсөткөн жардамына оң баа берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган долбоор буга чейин эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий