• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 2021-жылдын 1-январына чейин салыктык текшерүүнү чектеди

Экономика 0

Бишек, 10.04.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койгон.

Салыктык текшерүүлөрдү токтото туруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы буйругу менен бекитилген Коронавирус пандемиясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасир тийгизүүлөрдү азайтуу боюнча өкмөттүн биринчи кезектеги иш-чаралар планынын алкагында кабыл алынды.

Чектөө төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- товарлардын акцизделчү тобун өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбалык субъекттерди пландуу текшерүүлөргө;

- уюмдар кайра уюштурулган, жоюлган жана жеке ишкердин иши токтотулган учурда жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы текшерүүлөргө;

- өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин салык төлөөчүлөрдүн салыктарды туура эмес эсептөө фактысы тууралуу күбөлөндүргөн, документ жүзүндө тастыкталган маалыматты салык органы алган учурда пландан тышкары текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө;

- өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин камералык текшерүүлөргө.

Пикир

Оставить комментарий