• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто агроишкерлер 100 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Шарттары

Экономика 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Ош облусунун айыл чарба ишкерлерине 100 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Финансы-кредиттик фонду, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору жана КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен биргеликте Дүйнөлүк банктын "Ош жана Ош облустарынын региондук экономикалык өнүктүрүү" долборун ишке ашырууда.

Долбоордун максаты айыл чарба өндүрүшү үчүн товардык кредит түрүндөгү инвестицияларды берүү жолу менен өндүрүштүн жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн сапатын жогорулатуу жана көлөмүн көбөйтүүгө багытталган максаттуу инвестицияларды каржылоо үчүн айыл чарба ишканалары менен чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү колдоо.

Жалпысынан долбоор 25 жемиштүү өнөктөштүктү түзүүнү жана 10 миң фермерди тартууну пландаштырууда.

Өндүрүштүк өнөктөштүктүн тизмеси:

- сүт;

- эт (ири мүйүздүү мал);

- эт (майда мүйүздүү мал);

- эт (топоз);

- картошка;

- алма;

- кокон гилас;

- аарычылык;

- пахта;

- өзгөн күрүч;

- балык;

- май өсүмдүктөрү;

- жашылчалар;

- канаттуулар чарбачылыгы.

Бул багытта насыя төмөнкү шарттар жана өлчөмдөр менен берилет:

- бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө – 2 млн сомго чейин;

- айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн - 20 млн сомго чейин;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 35 млн сомго чейин.

- мында 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100 млн сомдон ашпашы керек.

Пайыздык ставка:

- 1,5% - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары үчүн;

- 1,5% - айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбаларына;

- 2% - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнө.

Кайтаруу мөөнөтү:

- 5 жылга чейин - өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агроөндүрүүчүлөрү;

- 7 жылга чейин - мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө - көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр (багбанчылык);

- 7 жылга чейин - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн.

Толук маалымат үчүн байланыш номери:

- Финансы министрлигинин Финансы-кредиттик фонду, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58А, тел: (0312) 304883;

- Агробизнес атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору: 0700911679, 0772191985;

Пикир

Оставить комментарий