• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Улуттук банкында дээрлик 50 тонна алтын сакталып турат

Экономика 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Улуттук банктын алтын кору 2 млрд 512 млн долларды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, банкттын активдеринин корунда алтын дагы бар.

"Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда 31-июлга карата бизде 49,8 тонна алтын бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий