• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Горький көчөсүндөгү "Халил Ибрагим" кафесинин кошумча курулушу буздурулууда – мэрия

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилер бузулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгиленгендей, Facebook социалдык тармагында Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган.

Окуя болгон жерге мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучусу Райым Жолдошов, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү барган.

Тротуарга тоскоол жараткан Горький көчөсүн бойлой жайгашкан "Халил Ибрагим" кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды.

Ошондой эле иштин жүрүшүндө Горький көчөсү 179, 178, 176 даректериндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалууда.

Эске салсак, буга чейин администрация тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле КР мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мэриядан белгилешкендей, эгерде объект муниципалдык аймакка чыгып кетсе, мыйзам бузууларды жоюуну зарыл. Болбосо, мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы белгиленген тартипте демонтаж кылууга аргасыз болот.

Пикир

Оставить комментарий