• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кытайга гилас экспорттоодо эмнеге көңүл буруу керек? Айыл чарба министрлигинин кеңеши

Экономика 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга гилас экспорттоодо айрым жагдайларга көңүл бурууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кытай үчүн чие чымыны карантиндик объект болуп саналгандыктан, кокон гиласти экспорттоодо-сорттоп жана иргеп жатканда чие чымындын издери жана чекиттерин кылдаттык менен карап алып салуу сунушталат.

Белгиленгендей, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин облустук башкармалыктарында карантиндик зыяндуу организм чие чымынына карата феромондук тузактар таркатылып берилди.

Феромондук тузактар чие чымындарынын саны аз болгон учурда тузактарда кармоо үчүн, башкача айтканда алардын санын азайтуу үчүн колдонушат, бул пестициддерди аз колдонуу менен продукцияны коопсуз кылууга мүмкүндүк берет.

"Урматтуу бакча ээлери, Департаменттин адистеринен кеңеш алып феромондук тузакчаларды кеңири пайдаланыңыздар. Байланыш тел: 0312620292; 0773100199", - деп айтылат министрликтин маалыматында.


Чие чымыны - кичинекей, өлчөмү 3-5 мм ден ашпаган чымын. Кара жалтырак түктүү денеси, курсагында тилкелери жана далысында ачык сары калканы бар. Жыт сезими жакшы өнүккөндүктөн ырахат алуучу бакча аянтын тез табат. Ургаачылары мөмөдө тешиктерди тешип, жумуртка тууйт. Ар бир жумурткадан 6-10 күндөн кийин ак личинкалар пайда болуп, акырындап мөмөнүн данегине чейин барат. Бир чие чымыны 150 чейин мөмөнү зыяндатышы мүмкүн. Мындай мөмө-жемиштер чирип, кулап түшөт.

Чие чымынына каршы күрөшүүдө төмөнкү препараттардын таңгагында көрсөтүлгөн колдонуу регламенттерин сактоо, эффективдүү болуп саналат, (таасир этүүчү заты менен берилди):

  • Лямбда цигалотрин;
  • Бифентрин;
  • Альфа-циперметрин;
  • Делльтаметрин;
  • Хлорпирофос + циперметрин;
  • Ацетамиприд.

Пикир

Оставить комментарий