• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

МСК: 4 айда ЕАЭБ алкагында 15 млрд сомдон ашык кыйыр импорттук салык чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. 2024-жылдын 4 айында 15 млрд 374,6 млн сом суммасында ЕАЭБдин алкагында импортко кыйыр салык жыйналган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 960,3 млн сомго көп же өсүү ыргагы 106,7% ды түздү.

Анын ичинде импортко КНСтин түшүүлөрү 12 млрд 259,5 млн сомду жана импорттук акциз 3 млрд 115,1 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, салык кызматы ЕАЭБ алкагында кыйыр импорттук салыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн электрондук коштомо кагаз, "Жыйынды пост", "Ички пост" жана "Контрабанданы контролдоо" маалыматтык системалары сыяктуу заманбап санариптик куралдарды киргизүүдө, ошондой эле импорттоочуларга салык органдарына отчетторду жана арыздарды жөнөтүү боюнча онлайн сервистер жеткиликтүү.

Мындан тышкары, республикада товарларды эсепке алуу боюнча 27 пункт жана 3 ички пост иштейт.

Пикир

Оставить комментарий