• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында врачтардын саны көбөйтүлөт

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. 1-июлдан тарта алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында, дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, билдирди.

Ал ошондой эле врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатыларын айтты.

“Бишкек жана Ош шаарларынан башка республиканын аймактарында дарыгерлердин жетишсиздигин эске алуу менен чукул чара катары педиатрларга, неонатологдорго, хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго 20 миң сом өлчөмүндө кошумча айлык төлөм киргизүүнү да тапшырдым. Бүгүнкү күндө бизде жаш дарыгерлер жетишсиз. Алыскы же бийик тоолуу аймактарда эле эмес, керек болсо, облустук борборлордо да жаш медиктер жокко эсе экенин көрүп жатабыз. Андыктан практикадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорду жана интернатурадагы дарыгерлерди тартуу жана аларга стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөрдү киргизүүнү милдеттендирдим”, - деп, мамлекет башчысы президенттик администрация бүгүнкү күндө медициналык тейлөө тармагында гана эмес, башка тармактарда да орто жана узак мөөнөттүү кадамдарды караштырып жатканын кошумчалады.

“Эң негизгиси биз биргелешип аракет кылсак, мамлекетибиз жылдан-жылга социалдык милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүктөрүн арттыра берет”, - деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий