• 87.86
  • 93.94
  • 1

Садыр Жапаров: Балдардын саламаттыгына кам көрүү – мамлекеттин түздөн-түз милдети

Президент 0


Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына көп тармактуу корпустун курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Долбоорго ылайык, оорукана 350 орунга эсептелген, анда: изоляторлору бар кабыл алуу бөлүмү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо бөлүмү, онкология жана онкогематология үчүн реанимация бөлүмү, паллиативдик терапия бөлүмү, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология бөлүмү, адистештирилген жардам бөлүмү ж. б. бар.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө туура он күндөн кийин Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленерин айтты. Мамлекет балдарга кубаныч тартуулап, аларга ар тараптан кам көрүүнү убадалайт.

Чогулгандарга кайрылып, Садыр Жапаров бүгүн ошол өлкө келечеги болгон балдарыбыз менен алардын энелерине кам көрүүгө багытталган жакшы саамалыкка күбө болгондорун белгилеп өттү.

“Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына көп тармактуу оорукананын пайдубалын түптөгөнү жатабыз. Өлкө калкынын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүн балдар түзөөрү белгилүү. Мына ошол балдарыбыздын саламаттыгына кам көрүү – мамлекеттин түздөн-түз милдети. Балдарыбыздын ден соолугуна көңүл буруп, алардын бир катар ооруларына байланыштуу педиатрия багытындагы жаңы бөлүмдөрдү уюштуруу жана көп тармактуу балдар ооруканасын куруу бүгүнкү күндүн талабына айланды. Айрыкча, бул багытта талбай иштеп келаткан Эне жана баланы коргоо улуттук борбору клиникалык жана дарт аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында бөйрөк жана боор трансплантациясы, тубаса угуу майыптыгы үчүн кохлеардык имплантация, ретинопатия, лейкоз менен ооруган балдардын чучугун трансплантациялоо үчүн жаңы заманбап имаратка муктаж болуп келет”, - деп президент баса белгиледи.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору илимий мекеме болуп саналганы менен аялдар менен балдардын ооруп калышын, өлүмүн жана майыптыгын кыскартууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен да алектенерин мамлекет башчысы айта кетти. Бул борбор бала менен эненин ден соолугун коргоо, акушердик жана гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча саламаттыкты сактоо органдарына уюштуруу-методикалык жактан жардам берет.

Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагында эне менен баланын ден соолугуна кам көрүү үчүн жаңы көп тармактуу балдар ооруканасын куруу маселеси өтө маанилүү болуп келгенин баса белгиледи.

Бул жагынан алып караганда, бүгүнкү пайдубалы түптөлүп жаткан 350 орундуу оорукана практикалык гана эмес, илимий борбор катары да кызмат көрсөтмөкчү. Ооруканада ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүмдөр жайгашат.

Президент эмки жылдын экинчи жарымында ден соолугунда маселе жаралган балдар менен энелерди кабыл алып, тиешелүү дарылоо иштерин баштайт деген ишенимин билдирди.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы балдарыбыз оорубасын, ар кандай дарт-кеселден алыс болсун, деп тилек кылды.

Ошол эле жерден ал медициналык мекеменин жамааты менен баарлашты. Анын жүрүшүндө кадрлардын жетишсиздиги, турак-жай менен камсыз кылуу ж. б. маселелер талкууланды.

Президент Садыр Жапаров турак-жай саясатындагы маанилүү өзгөрүүлөр жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып, бул багыттагы иштер улантыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий