• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 19.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Бул оор убакытта биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий