• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектен Грозныйга авиакаттамдар жанданат

Коом 0

Бишкек, 19.06.23./Кабар/. 15-июндан тарта россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Грозный-Бишкек-Грозный багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштады.

«Манас» эл аралык аэропортунан Чечен Республикасынын борборуна каттамдар жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарылат.

«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий