• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек – Ош жолундагы Арал постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда саат 10:30да Бишкек - Ош унаа жолундагы Арал постунда (Токтогул району) оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министрликке караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий