• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, “Кумтөр” ири алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара “Кумтөр” кени чыккан жердин калыптануу жана өнүгүү тарыхын камтыган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жана “Кумтөр Голд Компаниясы” ЖАК жамаатын “Кумтөр” алтын кенинин ишке киргенинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө компаниянын өлкө экономикасына кошкон олуттуу салымын жана маанисин белгиледи.

“Кумтөр” кыргыз экономикасына жаңы дем гана бербестен, Кумтөр долбоору боюнча талаш-тартыштардын тынчтык жолу менен чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестициялар үчүн жагымдуулугуна да оң таасирин тийгизди. Буга акыркы жылдары тартылган инвестициялардын көлөмүн, эл аралык каржы өнөктөштөрүбүздүн бизге берген оң баасын мисал кыла алабыз. Демек, бул - мамлекетибиз түз жолдо, туура нукта бара жаткандыгынын дагы бир далили”, - деди Садыр Жапаров.

Ал "Кумтөрдүн" улутташтырылышы менен Кыргызстанда саясий коррупциянын демонтажы башталганын өзгөчө белгилеп өттү. “Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров геологияны, кен казуу өнөр жайын жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, Кумтөр алтын кенин Кыргыз Республикасынын менчигине кайтаруу боюнча ишке түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий