• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент жарандарды COVID-19га каршы активдүү түрдө вакцина алууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жарандарды COVID-19га каршы активдүү түрдө вакцина алууга чакырды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы бүгүн уулу менен бирге коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Ал Кыргызстанда бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөн жарандардын саны дагы деле аз болуп жатканын өкүнүү менен белгиледи.

«Өлкөнүн бардык жарандарын активдүү түрдө вакцина алууга чакырам. Бул вирусту жеңүү үчүн четте карап турбастан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Биз бул илдеттин абдан олуттуу экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мен бардык кыргызстандыктарды бул маселеге мүмкүн болушунча активдүү катышууну өтүнөм», - деп кайрылды Садыр Жапаров өлкө жарандарына.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 26 миң 991 адам эмдөөдөн өттү.

Коронавируска каршы Республикалык штабдын маалыматына караганда, анын ичинен 8 миң 556 адам эмдөөдөн биринчи компонентин, 18 миң 435 адам экинчи компонентин алды.

Өлкө боюнча жалпы 806 миң 547 адам эмдөө алган, анын ичинен 571 миң 656 адам биринчи доза менен, 234 миң 891 адам экинчи доза менен эмделген.

Пикир

Оставить комментарий