• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Үчүнчү протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Үчүнчү протокол Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Үчүнчү протокол Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгы тарабынан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алдындагы Байкоочу жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Өнөктөшү статустарын укуктук тариздөө жөнүндө документтердин топтомун иштеп чыгуу боюнча 2010 жана 2017-жылдардагы Беларусь Республикасынын төрагалыгынын жана 2018-жылдагы Казакстан Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул маселе Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда төрагалык мезгилге Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Бул документти кабыл алуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди чечүүдө үчүнчү мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө түрткү берет.

Пикир

Оставить комментарий