• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ат-Башы райондук электр тармактары жаңы трансформаторлорду орнотууда

Аймак 0

Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Нарын электр тармактар ишканасы "Кыргыз улуттук электр тармактар" ААКтын капиталдык курулуштун эсебинен бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштерин улантууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ат-Башы районуна бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштери аяктап калды.

"уга чейин эскилиги жеткен 160 кВА трансформаторлор айыл тургундарынын керектөөсү оскөндүгүнө байланыштуу, суук катуу жүргөн аймакта өз нормасынан 33% пайызга ашыкча жүктөм менен иштеп келген, эми кубаттуулугу жогору 250 кВА трансформаторго алмаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Бирлик жана Өзгөрүш айылдарына кошумча 900 метр 10 кВ жана 2 чакырым 0,4 кВ аба чубалгыларын тартып, 10/0,4 кВ 1 даана трансформатор орнотулуп,жалпы 11 чакырым электр чубалгылары тартылган.

Жасалып жаткан иштер калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий