• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бала-Саруу ГЭСи Талас өрөөнүнүн электр энергиясына болгон керектөөсүн толук жаба алат – Алымкулов

Экономика 0

Бишкек, 21.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бала-Саруу ГЭСи Талас өрөөнүнүн электр энергиясына болгон керектөөсүн толук жаба алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Бала-Саруу ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 25 меватты түзүп, 3 агрегаттан турат. Жылына 92 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарат. Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн кошумча электр жарыгын алып жаткан маалда жаңы ишке берилген бул ГЭС жергиликтүү керектөөнү камсыздап берет.

“2021-жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна капсула салган. Мына эми 2,5 жылдын ичинде жоопкерчилик алгандар иштерди бүтүрүп, ГЭС ишке берилди. Бул энергообъект жыл сайын 92 млн кВт/саат өндүрөрү айтылып жатат. Анда азыркы генерация боюнча саясаттын алкагында Талас өрөөнүн керектөөсүн жапканга жакшы пайдасы тиет. Анткени Кыргызстанда энергетикалык системанын генерациясы жетишпей калып жатпайбы. Биз кошумча электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Ошондуктан калктуу конуштарга мындай ГЭСтердин курулушу убагында башталды деп ойлойм. Мындай чакан ГЭСтер керектөөнү жапканга жакшы болуп жатат. Угушумча өлкө боюнча жүзгө жакын чакан ГЭСтер курулууда. Мисалы, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына да салынып жатат. Орто-Токой суу сактагычына ГЭС курулса кубаттуулугу жогору болушу мүмкүн. Анан ал эл жайгашкан аймактын суроо-талабын толук аткарып калат. Ички инвесторлордун кичи ГЭСтерди курганы жакшы, жок дегенде бир айылды электр энергиясы менен камсыздаса ашыкча болбойт деп эсептейм”, - деди Карыпбек Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий