• 88.68
  • 95
  • 0.95

Суу ресурстары кызматына 1 млрд сомго 115 атайын техника сатып алынат

Экономика 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Суу ресурстарын тейлөө үчүн атайын техниканы сатып алууга жалпы 1 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинен 366,7 млн сомун 2024-жылы бөлүү каралган.

Бүгүнкү күндө "Xiamen Jiasheng Engineering Machinery" ЖЧКсы менен 999 млн сом суммасында келишим түзүлдү. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча каралган 200,0 млн сом каржыланды.

  • 2023-жылга – 200 млн сом;
  • 2024-жылга – 366,7 млн сом;
  • 2025-2026-жылдарга – 433,3 млн сом.

Техниканын түрлөрү:

  • алдыңкы жүктөгүчтөр-10 бирдик;
  • экскаватор-49 бирдик;
  • трактор-тралл-8 бирдик;
  • автокран-2 бирдик;
  • бульдозер жөрмөлөгүч - 4 бирдик;
  • манипулятор-14 бирдик;
  • грейдер-1 бирдик;
  • бетон аралаштыргыч-8 бирдик;
  • дренаждык машина-2 бирдик;
  • микроавтобус-5бирд;
  • автобус-1 бирдик.

Бардыгы болуп 104 техника бар.

Мындан тышкары, 2023-жылы "Xiamen Jiasheng Engineering Machinery" ЖЧК менен 195 млн 360 миң сомго түзүлгөн келишимдин негизинде саркынды сууларды чыгарууга 199,4 млн сом суммасында каражат каржыланган.

Техниканын түрлөрү:

  • экскаватор, катер, шланга 1500м – 2 бирдик;
  • өзү жүрүүчү экскаватор-6 бирдик;
  • трактор-тралл-2 бирдик;
  • автокран - 1 бирдик.

Бардыгы болуп 11 техника бар.

Пикир

Оставить комментарий