• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет

Президент 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун КР Жогорку Кеңешиндеги ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы үч жаңы министр тең иштин майын чыгара турган курактагы адистер экенин белгиледи.

«Сыноо алдыда, азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле. Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Берген антты дайым эстеп, эстен чыгарбагыла», — деп Президент ант берген министрлерди мамлекетке, элге ак кызмат кылууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков депутаттарга жаңы министрлерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыланган Өкмөттүн ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий