• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«ММКФнын 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин негизги параметрлерин тактоо.

Ушул багытта кабыл алынган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети кирешелер боюнча 14 818,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 14 340,5 млн. сом суммасында бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий