• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Мирзиеевдин сапары тууралуу: Бул сапарды эки өлкөнүн эли 20 жылдан ашык күтүшкөн

Президент 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Шавкат Миромонович сиздин сапарыңызды Кыргызстан менен Өзбекстандын эли 25 жыл күтүшкөн”, - деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекке келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен тар чөйрөдө жолугушууда.

Кыргызстандын башчысы бул эки өлкө үчүн чындап тарыхый окуя экенин белгиледи.

“Бул окуяны биздин элдерибиз 20 жылдан ашуун күтүп келишкен. Мирзиеев Шавкат Миромоновичтин бүгүнкү сапары көптөгөн суроолорго жооп болду. Бул сапар боордош өлкөлөрдүн мамилелеринин жаңы доорун ачат. Мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Менин чакыруумду кабыл алып, келгениңизге ыраазымын. Кош келипсиз”,- деди Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий