• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Айыл чарба министрлиги 85,6 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат

Экономика 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы республика боюнча 30 миң гектар аянтка 296 миң 72 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү пландалууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 85 млн 643 миң 683 сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга сынак жарыялады.

Жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алуу жайыттардын абалын, түшүмдүүлүгүн жана жайыт жерлердин асылдуулугун жакшыртуу максатын көздөйт.

Белгиленгендей, сынакка катышууну каалагандар Мамлекеттик сатып алуулар порталынан шилтемеси аркылуу кирип, тиешелүү сунуштарын беришсе болот.

Пикир

Оставить комментарий