• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ички иштер министри Кореянын Улуттук ассамблеясынын депутаттары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кореянын Улуттук ассамблеясынын мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Ким Киенг башында турган делегация менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Кореянын Улуттук ассамблеясынын депутаттары Канг Бьюнгвон, Ким Йонгпан, Мун Жинг Сенг, Ким Вунг, административдик бөлүмдүн жетекчиси Хван Жун Ен, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, анын орун басары Тэ Кен Гон жана вице-консул Бан Ки Донг катышты.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана алдыда жасала турган иштер тууралуу пикир алмашып, коомдук тартипти, эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Кореянын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Улан Ниязбеков КР ИИМ менен Корея улуттук полиция агенттигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү акыркы жылдары жаңы практикалык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Ким Киенг эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүү тенденциясына оң баа берип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга үмүт артарын маалымдады.

ИИМдин жетекчиси жолугушууну жыйынтыктап жатып министрлик корея тарап менен кызматташууга чоң маани берет жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий